Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлайт.
Билдирүүгө ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Н.А.Д., А.Ч.Х. жана Д.А.В. аттуу жарандар кармалышты.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында "Спайс" жана "A-PVP" аттуу синтетикалык баңгизаттар алынды.
Учурда нарколабораторияны уюштурууга жана анын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.