УКМК тарабынан "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн бири Д.М. аттуу аял кармалды.
Маалым болгондой, тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле уюлдук телефондор табылган.
Мекеме жарандарга өлкөдө тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандарга кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертет.