Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде 28-январда “Улутташтырылган мекемелерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү боюнча” токтомунун аткарылышы талкууланды. “Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу жана башка маселелер да каралды.
Комитетте улутташтырылган мекемелер боюнча жумушчу комиссиясы, “Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндөгү” мыйзам боюнча макулдашуу тобу түзүлдү.
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору кийинкиге калтырылып, “КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору негиз катары кабыл алынды.