Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчы өз сөзүндө кызматкерлердин мамлекеттик сестемдеги орду, акыркы кезде алар үчүн түзүлүп жаткан шарттар, жеңилдиктер тууралуу белгилеп өттү.
"2022-жылдан тартып эмгек акы төлөө системин өркүндөтүү боюнча чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 110 пайызга, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153 пайызга жогорулады. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн кошумча төлөмдөрдү 50 пайызга чейин көбөйтүү, ошондой эле 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм киргизүү каралган.
Кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу дагы маанилүү багыттардын бири болуп саналат. "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында миңдеген жарандар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.
Ошол эле учурда заманбап мамлекеттик жана муниципалдык кызмат билимди үзгүлтүксүз жаңыртууну жана кесиптик өнүгүүнү талап кылат.
Бул багытта президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына өзгөчө роль жүктөлгөн. 2025-жылы академияга өзгөчө макам ыйгарылып, ал өлкөнүн стратегиялык өнүгүү максаттарын ишке ашыра ала турган жаңы муундагы башкаруучулук кадрларды даярдоонун негизги борборуна айланууда.
Биз кесиптик билим, заманбап компетенциялар жана мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүү натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун негизи болуп саналат деп ишенебиз",- деди өкмөт башчы.