Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу шаардын Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, белгисиз адамдар Б.Э. аттуу жаранга өздөрүн ИИМдин, УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен анын акча каражаттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жабырлануучуга 20 миң доллар жана 1 миллион сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө 2004-жылы туулган А.М., 2006-жылы туулган А.Н. аттуу жарандар кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Мекеме мындай чалуулар болсо дароо сүйлөшүүнү токтотуп, жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 кызматына кабарлоого чакырат.