Биз социалдык тармакта

Экс-депутат Дүйшөн Төрөкулов камакка алынды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дүйшөн Төрөкулов 30-июнга чейин камакка алынды. Бул тууралуу 23-июнда Биринчи Май райондук соту билдирди.

Маалыматка ыллайык, ал 19-июнда кармалган.

Төрөкулов Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча айыпталууда.

Эске салсак, Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Бир Бол" партиясынан депутат болгон. Ал 2021-жылы да Оштогу заводдордун бирин коррупциялык жана рейдерлик жол менен басып алган деген шек менен кармалган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан