Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 100гө жакын кой кар көчкү астында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-январда саат 09:30дар чамасында Үч-Терек айылдык аймагынын Жетиген айылында койду жайытка айдоо учурунда кар көчкү түшкөн. Кар көчкү түшкөн жерге айылдык аймактан 9 атчан куткаруучу жөнөтүлдү. Жашоочулардын арасынан жаракат алгандар жок.