Чүй облусунун Кегети капчыгайында жеңил унаа сууга түшүп кетип, эки бала дайынсыз болуп жатканы маалым болду.
Окуя боюнча видео кайрылуу социалдык тармактарга тарап, факт Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жеңил унаанын тормозу иштебей калып, унаа жардан кулап кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты тастыктап, сууга түшүп кеткен эки адамды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.