Манас шаарында BMW X5 жана Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, 46 жаштагы айдоочу каза тапты.
Билдирүүгө ылайык, кырсык 23-июнда, саат 03:30 чамасында Курманбек жана Качкынбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Кырсыктын кесепетинен Daewoo Tico унаасынын айдоочусу каза болгон. Ал эми BMW X5 унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Көп өтпөй 18 жаштагы айдоочу кармалып, милицияга өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.