Биз социалдык тармакта

Алагөзов: "Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы эки айыл Кыргызстанга өттү"

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара маселелерин тактоо иштери уланууда. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген Фергана облусуна караштуу Чоңгара жана Таш-Төпө айылдары жашоочулары менен кошо Кыргызстандын аймагына өттү. Бул аймактарда болжол менен 2500 адам жашайт.

Учурда аталган айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп, жашоочуларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процесси башталганы айтылды.

"Кудай буюрса, мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 чакырым жол басып айланып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 чакырым жол жүрөбүз.
Ошондой эле казак элине таандык болуп калган Токмоктун тушундагы 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча дагы боордошторубузга сунуш бердик. Бул жол Алматы көчөсүнөн баштап Кеминге чейин (болжол менен 150 км) төлөнүүчү автомагистраль болмокчу.
Бул маселелерди саясат кылмай жок", - деди Алагөзов.

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек ара маселеси 2021-жылы такталып, тиешелүү документтерге эки өлкөнүн президенттери кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан