Биз социалдык тармакта

Тармактык комитетте кум-шагыл казып алууну жөнгө салган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында жер казынасын пайдалануу тармагына тиешелүү бир катар мыйзам долбоорлору каралды.

Жыйында Министрлер кабинетинин демилгеси менен сунушталган «Күрөө жөнүндө», «Жер казынасы жөнүндө», «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр биринчи окууда жактырылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязовдун маалыматына ылайык, өзгөртүүлөрдүн максаты — жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ички карама-каршылыктарды жоюу жана лицензиялоо механизмдерин өркүндөтүү.

Тактап айтканда, кум-шагыл жана чопо казып алууга уруксат берүү тартибин кайра карап чыгуу, жергиликтүү органдардын айрым ыйгарым укуктарын алып салуу, лицензиялык көзөмөлдү күчөтүү, мамлекеттик экспертизалардын мөөнөтүн кыскартуу жана жер казынасын пайдаланууда электрондук аукцион системасын киргизүү каралууда.

Ошондой эле мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты. Ал мамлекеттик менчикти башкаруу жана кайра түзүү процессин жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагына байланыштуу мыйзам долбоору да экинчи жана үчүнчү окууда жактырылып, ал аймакка эл аралык инвестиция тартууга шарт түзүү максатын көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан