Бишкекте трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)
Кыргызстанда жана Орусиянын Свердлов облусунда бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганга шектелген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун болжолдуу катышуучусу аныкталып, кармалды.
ИИМ билдиргендей, ал 1981-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран. Анын башкаруусундагы Toyota Prius үлгүсүндөгү унаага жүргүзүлгөн тинтүү учурунда болжол менен 5 грамм психотроптук зат табылгандыгы маалымдалды.
Тергөөнүн жыйынтыгында Т.Д.га Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча айып тагылып, соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда укук коргоо органдары кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүү боюнча тергөө-ыкчам иштерин улантышууда.
Бишкекте трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды