Биз социалдык тармакта

Бишкек жана Чүйдө баңгизат таратууга шектелип 21 жаштагы жигит кармалды (видео)

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы түшкөн маалыматтын негизинде психотроптук заттарды тараткан адамдын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Маалымдалгандай, ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 2004-жылы туулган Э.Н. аттуу жаран кармалган. Текшерүү учурунда 3 грамм гашиш баңгизаты табылган. Мындан тышкары, шектүү адамга жөнөтүлгөн кир жуугуч машинанын ичинен 1 килограммдан ашык психотроптук зат табылган. Кармалган жаран психотроптук заттарды Бишкек жана Чүйдө жашыруун таштоо жайлары (тайников-закладок) аркылуу таратып келген.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган заттар мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарылган учурда кылмыштуу киреше 4,5 миллион сомдон ашмак. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкек жана Чүйдө баңгизаттарды тараткан жигит кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан