Бишкек шаарында социалдык тармактарга тараган видеонун негизинде кайырчылык жолу менен акча чогулткан эки жаран аныкталып, милицияга жеткирилди.
Маалыматка ылайык, 2005-жылы туулган Ж.Д. жана 2002-жылы туулган Ш.М. аттуу жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-1-беренеси (Тилемчилик) боюнча протокол түзүлү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө чогулган каражат кайрымдуулукка эмес, жеке керектөөлөргө жумшалганы аныкталды.
Учурда материалдар сотко жөнөтүлүп, териштирүү уланууда.