Биз социалдык тармакта

Коркутуулардан улам мандатын тапшырган Жаныбек Асанбековдун үнү президентке жетти (видео)

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, “Эмгек” партиясынан шайланган Жаныбек Асанбеков президент Садыр Жапаровдун Кочкор районундагы эл менен жолугушуусунда өз маселесин көтөрдү.

Ал өз кайрылуусунда президенттин ошол кездеги коомдук кеңешчиси Жаныбек Кубандыков тарабынан телефон аркылуу коркутуулар болгонун, мандатын басымдын негизинде тапшырууга аргасыз болгонун билдирди. Анын айтымында, үй-бүлөсүнө да басым жасалып, ошол учурда кош бойлуу жубайы ооруканага түшкөн. Ал сөзүндө партиянын да кызыкдар тарабы болгонун кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров Жаныбек Кубандыков мурда коомдук кеңешчи болгонун, бирок кийин анын жана бир катар кеңешчилердин күбөлүктөрү кайтарылып алынганын айтты. Ошондой эле ага башка иш боюнча кылмыш иши козголуп, учурда үй камагында экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Башкы прокуратурага бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, быйыл 31-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырган. Марттын башында Асанбеков Орто-Сай айылындагы көрүстөндүн жанына көп кабаттуу үйлөрдүн курулуп жатканын айтып, тынчыздануусун билдирип чыккан.


Коркутуулардан улам мандатын тапшырган Жаныбек Асанбековдун үнү президентке жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан