Биз социалдык тармакта

Депутат аскер кызматкерлеринин үй алышына атайын жол-жобо керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу аскер кызматкерлери үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алууда атайын жол-жобо зарылдыгын билдирди.

Айтымында, кызматкерлер ротация менен ар кайсы аймакта кызмат өтөөгө туура келет. Бул учурда аларга МИКтен алган үйлөрүн ижарага берүү укугун берүүнү сунуштады.

"Өкмөттүн токтомуна ылайык, аскер кызматчыларына компенсация төлөө каралган. Анын негизинде алар жардам алууда. Бирок ротация менен башка аймакка баргандан кийин ал жакта ижара акысын төлөөгө аргасыз болот. МИКтин ички жоболоруна ылайык алар өзү ипотекага алган үйдү ижарага бере алышпайт. Мындан улам МИК тез арада ички жоболорун өзгөртүп, аскер кызматкерлеринин ижара бере ала турган шартты камсыздап берсин",- деди эл өкүлү.

Депутат аскер кызматкерлери үй алууда атайын жол-жобо керектигин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан