Чоң Чүй каналына унаасы менен түшүп кеткен айдоочуну издөө иштери уланууда (видео)
Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун издөө-куткаруу иштери уланууда.
ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык 21-июнда катталып, унаа тез аккан каналга түшүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу сууга агып кеткен.
Учурда издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары, ИИМ кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана изделип жаткан жарандын туугандары болуп жалпы 94 адам тартылды. Кошумча күчтөр да жумшалып, издөө-куткаруу операциясы күнү-түнү улантылууда.
Окуя боюнча кошумча маалыматтар берилет.
Чоң Чүй каналына унаасы менен түшүп кеткен айдоочуну издөө иштери уланууда