Биз социалдык тармакта

Дрон менен тартып... УКМК трансулуттук баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду (видео)

УКМК эл аралык трансулуттук баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ Ооганстандан чыккан баңгизаттарды бир нече өлкө аркылуу Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташып келип, андан ары коңшу мамлекеттерге жеткирүүнү уюштуруп келген. Атайын операциянын жүрүшүндө баңгизаттарды ташуу маршруттары аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн болжол менен 50 килограмм баңгизат алынды.

Бул ишке тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын эки жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө уланууда.

Атайын кызматтын кызматкерлери шектүүлөрдүн ар бир аракетин дрон менен тартып турган.

УКМК трансулуттук баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан