
Ош облусунун аймагында чек арадан мыйзамсыз өтүп, издөөдө жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, 43 жаштагы шектүү С.Н., бүгүн, 24-июнда Ош шаарынын аймагынан кармалган.
Ага карата 2024-жылы 23-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 378-берененин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, издөөгө алынганы айтылды.
Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.