Биз социалдык тармакта

Бишкекте оор жүк ташуучу унаа жөө адамды сүзүп, аял киши каза болду

Бүгүн, 24-июнда саат 15:05 чамасында Бишкек шаарында жол-унаа кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа түндүк багытты көздөй бара жатып, 58 жаштагы аял кишини сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жөө жүргүнчү жол белгиленбеген жерден чыгыштан батышты көздөй өтүүгө аракет кылып, оор жүк ташуучу унаанын алдынан чыгып калган. Айдоочу үчүн көрүү аймагы чектелүү болгондуктан жөө адамды убагында байкабай калганы айтылууда.

Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жол кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baltabai
2026-06-25 07:30:00
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан