Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Улукбек Узакбаев Чүй облусунун Панфилов районундагы Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда аймактагы эң орчундуу социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда, дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо көйгөйү, БДР жана БСР курулуштарын жүргүзүү, Ровное айылы менен Кара-Балта шаарын байланыштырган коомдук транспорт каттамын ачуу, ошондой эле ички жолдорду асфальттоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары Биринчи Май айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын ордуна фельдшердик-акушердик пункт курулуп жатканы айтылып, медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн төмөндөтпөө максатында ҮДТ статусун сактап калуу сунушу көтөрүлдү.
Эл өкүлдөрү айтылган маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, аларды тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте карап чыгып, чечүү жолдорун табууга аракет кыла турганын билдиришти.