Чүй облусундагы Аламүдүн дарыясына агып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда "Тёплые ключи" эс алуу борборуна жакын жерде 1994-жылы туулган С.Р. аттуу жаран сууга агып кетти.
Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук №1 куткаруу бөлүгүнөн 10 куткаруучу тартылып, издөө-куткаруу иштери уюштурулууда.
Тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери кабарланды.