Биз социалдык тармакта

Ош-Алай унаа жолундагы сел 6 жарандын өмүрүн алды (видео)

Ош-Алай унаа жолундагы сел кырсыгынан 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.

Эскерте кетсек, Ош-Алай унаа жолунун 58-чакырымында жеңил унаа сел суусуна агып кетип, жерине куткаруучулар тартылган.

Маалым болгондой, унаада болгон жарандардын ичинен 6 адамдын жансыз денеси табылып, 2 адам ар кандай жаракаттар менен медициналык мекемеге жеткирилди.

"Учурда жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Каза болгон жарандардын жансыз денелерине тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле өздүгү тактала элек жабырлануучунун ким экендигин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан иштер улантылууда",- деп белгиленген маалыматта.

ӨКМ жарандарды нөшөрлөп жааган жамгыр учурунда тоолуу жана сел коркунучу бар аймактарда өзгөчө этият болууга, аба ырайы боюнча берилген шашылыш эскертүүлөрдү так аткарууга чакырат.

Сел
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан