УКМК Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде студенттерден пара талап кылуу фактысын аныктады.
Маалыматка ылайык, Э.у.М. аттуу мугалим бүтүрүүчү студенттерди мамлекеттик экзаменге киргизүүдө тоскоолдук жаратып, алардан акча алып жүргөн деп шектелүүдө.
Шектүү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат.