Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөөгө 70тей милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, ӨКМдин 50 кызматкери жана 150дөн ашуун жергиликтүү тургундар жардамга баргандыгы кошумчаланды. Ошондой эле Бакай-Ата, Айтматов РИИБдеринин кызматкерлери жеринде издөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Эскерте кетсек, мындан 2 күн мурун сууга 2010-жылы туулган өспүрүм агып кетип, издөө иштери башталган. Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков өспүрүмдү издөөгө аскерлерди тартууну суранды.