Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тамеки продукциясын өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү каналынын ишине бөгөт койду.
Маалымдалгандай, сырткы көрүнүшү техникалык тейлөө станциясы (СТО) катары көрсөтүлүп, бирок кампа катары колдонулуп келген. Кармалган жүктүн алдын ала баасы 30 миллион сомдон ашык деп бааланууда.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, контрабандалык схеманы уюштурган Щ.Р. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.