Румыниянын Трансфэгэрашан аймагында тартылган видео социалдык тармактарда кеңири тарады. Анда бир кыз чоң аюуга өтө жакын барып, аны тамактандырганы көрүнөт.
Бул окуядан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жапайы жаныбарларга жакындап, аларды тамактандыруу мыйзам боюнча катуу тыюу салынганын эскертишти. Адистердин айтымында, мындай аракеттер адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратып, көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келет.
Белгиленгендей, өткөн жумада эле аюу үч туристке кол салып, алар оор жаракат алышкан. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, аман калышкан. Кийинчерээк кол салган аюу атып жок кылынган.
Маалыматка ылайык, Румыниянын тоолуу аймактарында Европадагы эң ири аюу популяциясы жашайт. Ошондуктан туристтерге коопсуздук эрежелерин так сактоо сунушталат.