Биз социалдык тармакта

Талантбек Иманов: “Караколду өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз”

Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов Айбек Теңизбайдын подкастына катышып, шаарды өнүктүрүү багытындагы иштер жөнүндө маек курду.

Анын айтымында, Каракол шаарын өнүктүрүү боюнча президент тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилген. Ошондой эле мэр белгилүү ишкер Алексей Ширшов менен тааныш экенин айтып, аны Караколдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө чакырганын билдирди.

"Ширшов мырза менен таанышмын. Каракол шаарын өнүктүрүүгө жардам берчи деп чакыргам", - деди Талантбек Иманов.

Подкаст учурунда шаардык инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу жана туризмди өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

Андан сырткары Каракол шаарынын мэри шаарды өнүктүрүү боюнча алдыдагы ири долбоорлор тууралуу да маалымат берди.

Анын айтымында, жалпы баасы 8 миллиард сомду түзгөн долбоорлордун алкагында жаш муундар үчүн заманбап 5 мектеп жана 5 бала бакча курулат. Мындан тышкары туристтерди тартуу максатында Караколдогу дарыянын жээги көрктөндүрүлүп, веложолдор салынат. Ошондой эле Жеңиш паркы жаңыланып, шаар инфраструктурасын жакшыртууга багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылат.

Мэрдин белгилешинче, бул иштер Караколдун туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан