Бишкек шаарындагы коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн бири адаттан тыш жол менен көңүл бурдурду. №29 каттамдагы автобустун салонунда отурган жаран жөн гана сапар менен чектелбестен, жылаңаяк бутун ачык терезеден чыгарып алып, бетке урган шамалдан ырахат алып баратканы байкалган.
Бул көрүнүш социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, айрымдар аны тамаша катары кабыл алышса, башкалары коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты.