Ирандын жетекчилиги Ормуз кысыгын башка өлкөлөр менен биргеликте көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы ирандык булактарга таянып жазды.
Маалыматка ылайык, кысыктан өтүү үчүн коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо кызматтарына төлөм киргизилсе, андан жылына 40 миллиард долларга чейин киреше түшүшү мүмкүн деп бааланууда.
Басылманын маалыматына караганда, Тегеран бул демилгени колдоого алуу үчүн Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр жана Кытай менен талкуулап жатат. Иран Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерди келишимге катыштырууну жана түшкөн кирешени биргелешип бөлүштүрүүнү сунуштоодо.
Ирандык аткаминерлердин айтымында, бул демилге дүйнөдөгү окшош тажрыйбаларга негизделген. Мисалы, Түркия Дарданелл кысыгы аркылуу Эгей деңизине кирип-чыккан кемелерден атайын төлөм алып келет.