Биз социалдык тармакта

Кеминде унаа каналга түшүп кетип, үч адам каза болду (видео)

Кечээ, 25-июнда Чүй облусунун Кемин районунун Подгорное айылында жеңил унаа Чоң Чүй каналына түшүп кетип, анын кесепетинен үч адам каза болду.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган Audi C4 үлгүсүндөгү унаанын ичинде ата жана анын эки уулу болгон. Тилекке каршы, алардын баары окуя болгон жерден каза болушкан.

ӨКМдин 7 куткаруучусу жана ИИМдин 6 кызматкери жерине барып текшерүү иштерин жүргүздү. Унаа жеке менчик крандын жардамы менен суудан чыгарылды.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери тиешелүү органдар тарабынан иликтенип жатат.

Кеминде унаа каналга түшүп кетип, үч адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан