Биз социалдык тармакта

Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөөгө 400 адам тартылды (видео)

Бүгүн, 26-июнда таңкы саат 05:00дөн тарта Талас дарыясына агып кеткен Байелди издөө-куткаруу иштеринин төртүнчү күнү улантылды. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгы билдирди.

Бүгүн издөө иштеринин жүрүшү менен таанышуу үчүн жеринен облус жетекчиси Эрмат Жумаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков, ӨКМдин Таластагы башкармалыгынын убактылуу жетекчиси Нурлис Төрөкулов жана Талас районунун акими Байышбек Астанакунов барды.

Издөө-куткаруу иш-чараларына ӨКМдин Талас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 16, Талас райондук бөлүмүнөн 25, Бакай-Ата райондук бөлүмүнөн 11, Айтматов райондук бөлүмүнөн 6, Манас райондук бөлүмүнөн 8 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары, токой чарбасынан 25, Экология, Чек ара кызматынан 13, ИИМден 85 кызматкер, ошондой эле башка мекеме-уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, жалпы 400 ашык адам издешүүдө.

Издөө иштери дарыянын жээктеринде жана кооптуу тилкелеринде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, бардык мүмкүн болгон аймактар кылдат текшерилүүдө. ӨКМ тарабынан издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз улантылып, кырдаал көзөмөлдө болуп жатканы маалыматта кошумчаланды.

Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөөгө 400 адам тартылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан