Жабылбай калган каржы гештальттары адамдын кирешесине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу психолог, гештальт-терапевт Бактыгүл Соорбекова порталыбызга маек берип жатып билдирди.
Айтымында, жабылбай калган акча гештальты - бул психологиялык жактан чечилбеген, адамды канааттандырбаган же бүтпөй калган каржылык маселелер.
"Эмнеге акча таба албай жатам?" деген суроо менен көп кайрылышат. Бул жерде жабылбаган гештальттар бар. Алсак, акча менен биринчи тажрыйбасын эстеп көрүү керек. Мисалы, кичинекей кезинде үйдөн уруксатсыз акча алып, аны сарптады дейли. Ал үчүн ата-энеси аны урушуп, жазалаган. Ошол жерде балада акчага "таарынган" (ред.: акча жаман деген ой), эмоциялар калып кеткен. Ошондой эле ал учурда анын эмоциясын угуп, түшүнүп койгон адам болгон эмес. Буга байланыштуу гештальт жабылбай калган. Ал абалда аны түшүнүү, колдоо керек болчу. Бул анын ички тычсыздануусун жаратат. Мындан улам акча таба албай кыйнала берет",- дейт психолог.
Психолог бул маселенин түйүнүн чечүү үчүн гештальт терапиядан өтүү зарыл деп эсептейт.
"Жабылбай калган гештальттарды жапкан соң адам акча каражатын жеңил таап, жеңил мамиле кыла баштайт",- деди Соорбекова.
Психолог тууралуу. Бактыгүл Арыстанбековна көп жылдан бери психология тармагында иш алып барат. Алгачкы жогорку билимди "Ала-Тоо" эл аралык университетинде инженер -менеджер адистиги боюнча алган. Экинчи жогорку билимин Москвадагы Эл аралык консультация психологиясы институтунда (МУПО) алган.