Биз социалдык тармакта

Кегети дарыясында 6 жашар баланы издөөгө аскерлер кошулушту

Кегети дарыясында агып кеткен 6 жаштагы баланы издөө-куткаруу иштери уланууда.

Коргоо министрлиги билдиргендей, издөө иштерине 52806 аскер бөлүгүнүн 40тан ашык аскер кызматчысы, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү тартылган. Алар дарыянын жээктеринде жана кооптуу участокторунда издөө иштерин жүргүзүп жатышканы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, Кегети капчыгайындагы сууга унаа кулап, агып кеткен эки өспүрүмдүн биринин денеси табылган. Ал эми 6 жаштагы баланы издөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан