Биз социалдык тармакта

Бишкекте ШКУнун аялдар форуму өтүүдө

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун “Аялдардын лидерлиги” темасындагы аялдар форуму өз ишин баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 26-27-июнда Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтүп жатат.

Форумга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык коом мүчөлөрү, эксперттер, ишкер айымдар жана аялдар кыймылынын лидерлери катышууда.

Жолугушуунун негизги максаты — аялдардын коомдук-саясий жана экономикалык турмуштагы ролун кеңейтүү, ошондой эле алардын туруктуу өнүгүү процесстерине активдүү катышуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Форумдун алкагында аялдардын лидерлиги, чечим кабыл алуудагы ролу, экономикалык өнүгүү, гендердик теңчилик жана аймактагы мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан