Биз социалдык тармакта

Кадамжайда авариялык үйлөрдүн ордуна жаңы көп кабаттуу турак жайлар курулат

Баткен облусунун Кадамжай шаарында реновация программасына расмий старт берилип, анын алкагында жер титирөөдөн жабыркаган жана авариялык абалдагы көп кабаттуу үйлөрдүн ордуна заманбап турак жайлар курулат.

Облустук администрация билдиргендей, долбоор боюнча 112 батирден турган жаңы турак жай комплекси салынат. Анын 48и бир бөлмөлүү, дагы 48и эки бөлмөлүү, калган 16сы үч бөлмөлүү батирлер болот. Ал эми учурда авариялык үйлөрдө жашаган сегиз үй-бүлө жаңы батирлер менен камсыздалары маалыматта кошумчаланды.

Курулуш жеке компаниянын каржылоосу менен жүргүзүлүп, иштерди бир жылдан ашуун убакытта бүтүрүү пландалып жатат.

Белгилей кетсек, сүрөттөрдөн президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдон тышкары, экс-депутат Токтобүбү Оргалчаны көрүүгө болот. Бирок маалыматта анын кандай тиешеси бар экени айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан