
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Коммунизм-Коминтерн унаа жолунун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бул жолго союз мезгилинен бери капиталдык оңдоо жүргүзүлбөй, чуңкурларын бүтөө иштери гана аткарылып келген.