Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "Жеке мектеп, бала бакча курам дегендерге жер бекер берилет" (видео)

Кечээ, 25-июнда президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда Баетов айылынын тургуну бала бакчанын документтерин чечип берүүнү суранган.

"Жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте пайдаланылбай турган имаратка 150 бала тарбиялануучу, 30 кызматкер иштей турган бала бакча ачканбыз. Бул бала бакча айыл өкмөткө тиешелүү болгондугуна карабастан 11 жылдан бери документ иштери чечилбей жатат. Документтерибиздин бүтпөй жатканынын себеби имамдар жерди талашып жатышат. Ушул маселени чечип береңиз", - деп билдирген тургун.

Президент бул боюнча район акимдерине, айыл өкмөтүнө маселени тез арада чечип берүүнү тапшырды.

"Жеке мектеп, бала бакча курам деген жарандарга жер бекер берилет. Анткени аларда акы төлөнгөндүктөн мамлекеттик мекемелерден айырмаланып, жакшы карап, жакшы билим бериши мүмкүн. Мунун негизинде аталган бала бакчага жерин бергиле",- деп билдирди президент.

Садыр Жапаров: "Жеке мектеп, бала бакча курам дегендерге жер бекер берилет"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан