УКМК Орусиянын Түштүк-Сахалинск шаарында кармалган Кыргызстандын жараны өлкөгө жеткирилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, 1993-жылы туулган З.у.К аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандык) боюнча кылмыш иши козголду. Ал чет өлкөдө жүрүп, Instagram социалдык тармагы аркылуу Кыргызстанда массалык баш аламандык уюуштуруу жана бийликти күч менен басып алууга чакырган билдирүүлөрдү жарыялап турган деп шектелүүдө.
УКМКнын маалыматына караганда, шектүү кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн купуялуулук жөндөөлөрүн колдонуп, жалган жеке маалыматтарды пайдаланган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.