Чатырдагы үлбүрөк кыз жана Байланыш борборундагысүйүү. Милиондогон адамдар колдонгон байланыштын артында ким турат?
Смартфонду колубузга алганда, экрандагы кичинекей антенна сүрөтчөсүнүн артында ким тураары жөнүндө сейрек ойлонобуз. Миллиондогон кыргызстандыктар үчүн О! чындап эле элдик, өз оператору болуп калды. Бул статус күн сайын миңдеген мекендештерибиздин эмгеги менен жаралат. Түйүндүн аркы тарабына көз чаптырып, аны түзгөн команда менен таанышалы.
Бурулай Чыныбаева: «Башкысы – ишиңди сүйүү жана жакындарың менен бирге өсүүдөн коркпоо»
О! компаниясында Бурулайдын иши 14 жылдык тарыхты камтыйт. Анын жеке жашоосу карьерасы менен таң калыштуу түрдө айкалышкан. Студент кезинде келечектеги жолдошу ага туулган күнүнүн цифраларынан турган О! SIM-картасын белек кылган. 2012-жылы ал Байланыш борборуна келип, маектешүү учурунда 5 жылдан кийин өзүн жетекчи жана үй-бүлөлүү адам катары көрөрүн айткан.
Тилек 100% орундалды: бүгүн Бурулай – үч баланын энеси жана Кардар тажрыйбасын башкаруу тобунун жетекчиси. Компания ага карьерасы менен үй-бүлөсүнүн ортосунда тандоо жасабай, лидер катары өзүн ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди.
«Мен үчүн ар бир чечимдин артында адамдарга камкордук жана урмат-сый турганы маанилүү. Компания менен бирге менин карьерам өнүгүп, кыялдарым орундалды жана жаңы максаттар пайда болду. О! мен үчүн – бул жөн гана жумуш эмес, андан алда канча жогору турат».
Төлөгөн Кадыров студент катары иштөө үчүн келип, 15жылдан бери иштеп, сүйүүсүн тапкан.
Төлөгөн компанияга 2011-жылы дээрлик кокустан эле келип калган. Студент кезинде окуусуна акча табуу үчүн шашылыш жумуш издеп, керектүү сумманы чогулткан соң Контакт-борбордон кетүүнү пландаган. Бирок ал кесиптешине ашык болуп, калып, сатуу бөлүмүнө которулуп, командировкалар менен бүткүл республиканы кыдырып, кийинчерээк Логистика жана сатып алуулар кызматына өткөн. Ошол эле кыз азыр анын жубайы жана балдарынын апасы – ал дагы компанияда иштеп келет.
«Мен О! компаниясында чын дилимден бактылуумун, ошондуктан мен бул компанияда көпкө калдым. Мен өзүмдү аймактар менен кеңсенин ортосундагы байланыш көпүрөсү катары сезем. Компания мага чындыгында эле бардыгын берди: кесип, ишенимдүү достор жана бекем үй-бүлө. 90-жылдары бала кезимде бактым бир эле сонун жерде мени күтүп тураарын элестете алмак эмесмин».
Анастасия Суртаева – экинчи муундагы байланышчы. Университетти кызыл диплом менен аяктагандан кийин, ал телеком тармагында татаал учурларда ишин баштаган, ал кезде бардыгын нөлдөн баштап, базалык станциялардын өтө татаал нускамалары боюнча үйрөнүүгө туура келген. «Кээде эмнени каалап жатканымды жана талап кылынган нерсени кайдан алуу керектигин түшүнбөй, крокодил көз жашын төккөн учурлар болгон. Бирок көз жашымды аарчып, алдыга умтулдум», – дейт Анастасия.
О! ал 16 жыл мурун келип, Техникалык дирекциянын Ички контролдоо тобунун менеджеринен жетекчисине чейин өскөн. Жумуш ага кесиптик иммунитетти, ишенимди жана ар бир жетекчиге суроо менен оңой эле кайрыла турган үй-бүлө сыяктуу команданы берди. Ошондой эле, жумуш балалык сыймыктанууга себеп болду, бул абдан баалуу:
«Балам, шаарда уюлдук байланыш мунарасын көргөндө, көчөдөгү досторуна ар дайым кыйкырат: «Ал жерде бийикте апам отуруп иштейт!»
Гүлмира Акиева О! компаниясына 2009-жылы келип, толугу менен эркектерден турган жамааттагы алгачкы кыз болгон. Ишке аны бир аз кооптонуу менен алышкан: назик кыздын милдетине энергияны эсепке алуу кирген – бийик үйлөрдүн чатырына чыгып, эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн жазып туруу керек болчу. Сыноо мөөнөтү үч ай болсо да, Гүлмира бир айда эле ишин бүтүргөн.
«Бир гана тамгадан турган биринчи жарнакты көргөндө кандай таң калганыбыз эсимде! Кээде мурунку жумушумдагы кесиптештеримди жолуктуруп калам, алар ар дайым бир эле суроону беришет: «Сен дагы эле ошол жактасыңбы?!», бирок мен О!шкасыз жашоону элестете албай турганымды сыймыктануу менен жооп берем. Компания тез өнүгүп жатканына карабастан, кызматкерлердин ыңгайлуулугуна кам көрүүнү эч качан унутпагандыгы мен үчүн баалуу».
Алмаз Ибраев: «Ар бир күнү бул жерде өз ишиңиздин натыйжасын түз эфирден көрүүгө болот».
Алмаздын 2010-жылы О компаниясына өтүшү өзүнө болгон аң-сезимдүү чакырык болгон. Татаал жергиликтүү жана чет элдик долбоорлордо, анда телекоммуникациялык инфраструктураны катаал тоолуу климатта курууга туура келген тажрыйбасы менен, ал атайылап жаш жана амбициялуу команданы тандап алган. Алмаз компания менен 16 жыл ичинде рыноктун жаңы баштаган оюнчусунан лидерине чейин бирге жол басып өттү. Анын жоопкерчилиги – базалык станцияларга ишенимдүү «транспортту»камсыз кылуу, бул тармактын ылдамдыгына жана туруктуулугуна түздөн-түз байланыштуу.
«Милиондогон адамдар баарлашып, билим алып, эсептерин төлөп, интернетте отурушат, мунун баары биздин кесипкөй команданын күн сайын жасаган ишинин аркасында. Жана мен жалпы ишке кошкон салымымды сезип, кубанычтамын», – дейт Алмаз.
Ар бир окуя далилдейт: «элдик оператор» – бул жөн гана кооз ураан эмес. Бул берилгендикке, чыдамкайлыкка жана сүйүүгө негизделген тирүү организм. Кийинки жолу О! деген жаркыраган логотипти көргөндө, билиңиз: анын артында жакындарыңыз менен байланышта болушуңуз үчүн күн сайын жан үрөп иштеген чыныгы адамдар турат.
Компанияда иштөө тууралуу толук маалыматты биздин сайттан окуй аласыз: o.kg
КР МТБМК алдындагы МБАнын: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР жана №16-0063-КР 06.12.2016-ж. лицензиялары