Армения азырынча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) курамында калууда жана уюмдан чыгуу маселеси күн тартибинде жок. Бул тууралуу КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев чет элдик басылмаларга билдирген.
Анын айтымында, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкө азыркы учурда Евразиялык экономикалык биримдиктен (ЕАЭБ) чыгуу планы жок экенин билдирген. Ал эми КМШдан чыгуу тууралуу эч кандай сөз болгон эмес.
Сергей Лебедев ошондой эле бүгүн Москвада өткөн КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйынына Армениянын уставдык органдардагы туруктуу өкүлү Размик Хумарян катышып, тиешелүү документтерге кол койгонун маалымдады.
Эске салсак, Армениянын парламенти 2025-жылдын март айында өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуу процессин баштоо тууралуу мыйзамды кабыл алып, ошол эле жылдын апрель айында ага президент Ваагн Хачатурян кол койгон. Буга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушууда бир эле учурда Европа Биримдигинин жана ЕАЭБдин бажы биримдигинде болуу мүмкүн эместигин белгилеген.