Биз социалдык тармакта

Венесуэлада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 920 адамга жетти

Венесуэлада болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен каза болгондордун саны 920 адамга жетти. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Хорхе Родригес CNN телеканалына билдирди.

Учурда урандыларды тазалоо иштери уланууда. Бийлик өкүлдөрү курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин белгилешти.

Эске салсак, 25-июнда Венесуэлада магнитудасы 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ирет күчтүү жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очоктору Морон шаарынан 16 чакырым жана Сан-Фелипе шаарынан 24 чакырым аралыкта жайгашкан.

Эң чоң зыян Каракас шаарына жакын жайгашкан жээктеги Ла-Гуайра шаарында катталган. Ал жерде кеминде 100 имарат толугу менен кыйраган. Мындан тышкары Каракас шаарында, Миранда, Арагуа, Карабобо, Лара жана Яракуй штаттарында да олуттуу кыйроолор орун алган.



Эң көп жабыркаган Ла-Гуайра штаты аскерлердин көзөмөлүнө өткөрүлдү. Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими күчүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан