Бишкектин Ахунбаев менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан өрт чыкты. Бул тууралуу мэриянын муниципалдык инспекциясынан билдиришти.
Инспекциянын инспекторлору аялдамадан түтүн чыгып жатканын байкап калышкан. Алар өрттү өчүрүүгө алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Кийин ӨКМ кызматкерлери өрттү толук өчүрүштү.
Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.