Эртең, 28-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17... +22, күндүз +35... +40;
- Талас жергесинде түнкүсүн +13... +18, күндүз +29... +34;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18... +23, күндүз +35... +40;
- Нарын аймагында түнкүсүн +7... +12, күндүз +23... +28;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11... +16, күндүз +24... +29.
- Бишкек шаарында түнкүсүн +20... +22, күндүз +37... +39.