Биз социалдык тармакта

Иран АКШны меморандумду бузду деп айыптады

АКШнын Иранга жасаган чабуулдары өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ачык бузулушу болуп саналат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигине таянып эл аралык басылмалар жазышты.

"Ирандын Тышкы иштер министрлиги 26-июнда АКШнын армиясы тарабынан Ирандын түштүк жээгиндеги бир нече объектке жасалган аба соккуларын айыптайт. Бул чабуулдар БУУнун уставын одоно түрдө бузуу менен катар, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун биринчи пунктун да ачык бузуу болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иран Ормуз кысыгындагы кемелерге карата кеминде төрт дрон учурганын билдирип, Иран бийлигин ок атышууну токтотуу режимин бузду деп айыптаган. Буга жооп катары АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Иранга сокку урганын ырастаган.

Кийинчерээк Ирандын маалымат каражаттары Ормуз кысыгынын жээгиндеги Сирик шаарында жарылуулардын үнү угулганын кабарлашкан.

Эске салсак, 18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктамак.

24-июнда АКШ менен Ирандын ортосунда кыска мөөнөткө токтотулган техникалык сүйлөшүүлөр кийинки жумада кайра жанданары маалымдалган. Тараптардын сүйлөшүүлөрү Пакистан менен Катардын ортомчулугу алдында өтүп жаткан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан