
Бишкекте Семетей көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки бөлүгүндө реконструкция иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу 6 автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү.
Мэрия бул №1, №8, №33, №55, №56 жана №103 каттамдарына тиешелүү экенин билдирди.
Оңдоо-түзөө иштери аяктаганга чейин автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттап турат.