Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна агып кеткен 32 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу 28-июнда ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Куткаруучулар жаранды 24-июндан бери издеп жаткан. Анын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.