Кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов (Самат Кыргыз деген кайманы аты менен белгилүү) Москвада өткөн IBA Bare Knuckle турниринде орусиялык Ислам Кадиевди жеңди.
77 килограмм салмак чениндеги беттеш бир добуштан Абдырахмановдун жеңиши менен аяктады.
Самат Кыргыздын профессионалдык рекордунда азыр 9 жеңиш, 1 жеңилүү жана 1 тең чыгуу бар.