Биз социалдык тармакта

Венесуэлада зилзаладан каза болгондордун саны айтылды

Венесуэлада 24-июнда болгон жер титирөөлөргө байланыштуу издөө-куткаруу иштери уланууда. Sky News маалымдагандай, табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 1430 адамга жетти. Адистер курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Өлкөнүн ар кайсы аймактарында миңдеген куткаруучулар урандылардын алдынан аман калгандарды издеп жатышат. Издөө-куткаруу иштерине Венесуэладан тышкары бир катар өлкөлөрдөн эл аралык топтор катышууда.

Кырсыктан жаракат алгандардын саны 3 миңден ашты.

БУУ жана башка гуманитардык уюмдар аймакка жардам жеткирүүсүн улантууда. Жер титирөөнүн экономикалык зыяны миллиарддаган долларды түзөрү кабарланды.

Венесуэлада магнитудасы 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ирет күчтүү жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очоктору Морон шаарынан 16 чакырым жана Сан-Фелипе шаарынан 24 чакырым аралыкта жайгашкан.

Эң чоң зыян Каракас шаарына жакын жайгашкан жээктеги Ла-Гуайра шаарында катталган. Ал жерде кеминде 100 имарат толугу менен кыйраган. Мындан тышкары Каракас шаарында, Миранда, Арагуа, Карабобо, Лара жана Яракуй штаттарында да олуттуу кыйроолор орун алган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан