2014-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы калктын саны 5 миллион 777 миңден ашты. Бир жыл ичинде кыргызстандыктардын саны 113,5 миң адамга же 2 пайызга көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
2013-жылы 155 миң ымыркай төрөлсө (2012-жылга салыштырмалуу 600 ымыркайга көп), 34,9 миң адам көз жумган. 7,7 миң жаран өлкөдөн сыртка чыгып кетти.